Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 09:16

Нарын шаарынын борбордук аймагына жылуулук берүү убактылуу токтотулат (сүрөт)

Turmush -  Суу түтүктөрү алмаштырылып жаткандыктан Нарын шаарынын борбордук аймагына жылуулук берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун» негизинде Ж.Шералиев кɵчɵсүндɵ негизги жумуштар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндɵ таза суу түтүктɵрүнүн 85 пайызы алмаштырылып, дагы 200 метрден ашык казылуучу жер калган. Ошондон кийин таза суу жаӊы түтүктɵр аркылуу берилет.

Бирок казуу иштери башталгандан бери, айрыкча акыркы күндɵрү эскилиги жеткен таза суу түтүктɵрү улам бир жеринен жарылып, ичүүчү суу үзгүлтүккɵ учурап, ыӊгайсыз абал жаралды. Суунун токтоп калышы баарынан мурда жылуулук берүү системасынын иштɵɵсүнɵ чоӊ тоскоолдук жаратууда. Аба ырайынын тез муздап кеткендигине байланыштуу быйыл шаардагы жылытуу системасы 16-октябрдан тартып бериле баштаган. Бул кɵйгɵйдү чечүү максатында Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун буйругу менен 29-октябрдан 10-ноябрга чейин шаардын Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жолго чейинки аймагында жылытуу системасы убактылуу токтотулду. Бул мезгил аралыгында Ж.Шералиев кɵчɵсүндɵгү калган таза суу түтүктɵрү жаӊысына алмаштырылып, таза суу жаӊы түтүктɵр аркылуу берилиши зарыл. Адистер бул маселени азыр чечип, сууну жаӊы түтүктɵр менен бере баштабаса кышында улам бир жерден жарылуулар болуп, чоӊ кɵйгɵйлɵр жаралат дешет.

«Адистер менен кеӊешип, алдыдагы эки жумада болуучу аба ырайын, балдардын күзгү каникулун жана ноябрь айынын башындагы майрамдык эс алуу күндɵрүн эске алуу менен ушундай чечим кабыл алынды. Себеби, жылуулук берүүнү токтото туруп, Суу канал жана подряддык ишканалар менен күнү-түнү иштеп, таза сууну жаӊы түтүктɵргɵ кошуп албасак кышында эски түтүктɵр менен чыга алчудай эмеспиз. Жер алдындагы эскилиги жеткен түтүктɵр казуу иштеринен улам козголуп, ар кайсы жеринен жарылуулар орун алып жатат. Ошондуктан элибиз бул абалды туура түшүү менен кабыл алышы керек. Бул кырдаалдын РТС, Москва, Тɵш-Булак аймактарына тиешеси жок. Болгону шаардын Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жолго чейинки аймактарында жылуулук берүү убактылуу токтотулат», - деп билдирди Э.Алымкулов.

Ал эми Жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев ишканадагы 31 отказандын 21 токтотуп, ону иштей берерин маалымдады.

«Тактап айтканда, Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейин В.П.Чкалов, Т.Сатылганов, Э.Ибраев, К.Жакыпов, Ж.Шералиев атындагы мектептерде, "Ыйман", "Ынтымак", "Бактылуу балалык" балдар бакчаларында, 102, 103, 75, 79-үйлɵрдɵ, Чек ара аскер бɵлүгүнүн, батальондун үйлɵрүндɵ жана 4 мекемеде жылуулук токтотулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×