Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.10.2018 11:40 На русском

Кралинге ууланган, клиникалык өлүмдөн куткарылган бейтап... Дарыгер Ж.Аалиевдин 29 жылдык тажрыйбасы

Turmush -  29 жыл медицина казанында кайнап, адам өмүрүн сактап келген дарыгер Жыргалбек Аалиев 10 жыл хирург болсо, 19 жылдан бери Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө башкы дарыгер болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жыргалбек Аалиев 1964-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 1981-жылы В.Чкалов атындагы мектеп-гимназияны бүтүрүп, 1989-жылы медициналык институтту аяктаган. Эмгек жолун Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө баштаган. Бул түйшүктүү тармакта 29 жыл эмгектенип келе жатат. Ал бул кесипти атасынын өмүрүн сактап калган дарыгерден таасирленип тандап алганын айтат.

20181018_122329

Эмгек жолунда абалы оор көптөгөн бейтаптарды кабыл алган. Алардын бирин эскерип: «11 жаштагы кыз баланы алып келе жаткандарын айтып, Ат-Башыдан телефон чалышты. Ал куурчактын бутундагы тегерек желим бөлүгүн жутуп алыптыр. Үн байламтасынан өтүп, клапан сыяктуу туруп калыптыр. Ат-Башыдагы оорукананын дарыгерлери бизге жөнөтүшүптүр. Кыз көпкөк болуп, эс-учун жогото баштаган экен. Ал дем алып, бирок абаны кайра чыгара албай жатты. Тиешелүү аракеттерди жасап, бөтөн затты 5 мүнөттүн ичинде алып чыктык. Ошондогу кыздын, ата-энесинин кубанычы эч качан эсимден кетпейт», - деди ал.

Арак деп кралин ичип алган бейтап

2 жыл мурун арак экен деп кралинди ичип алган адам келди. Анын катуу таасири дем алуу булчуңдарына доо кетирет. Кралинден кенелер дем ала албай, ууланат. Ал кишини 1,5 ай дарылап, канча жолу өлөт деп аппаратта кармап, кекиртегин тешип, түтүк койдук. Өзү «мындан көрө өлүп калганым жакшы» деп жашагысы келбей баштаган. Биз үмүт үзбөй, аракет кылып жатып аман алып калдык.

Адамды клиникалык өлүмдөн сактап калуу

Бир бейтап оор абалда келди, клиникалык өлүмдүн белгилери бар экен. 5 мүнөткө жеткизбей тиешелүү аракеттерди көрүп, жүрөгү сого баштады. Эки сааттай аппаратта жатып, эртеси үйүнө чыгып кетип калыптыр. Мындай учурлар көп эле болот.

Кесип тандоо

Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, мен ортончусумун. Мектепти бүтүп, курулуш техникумуна тапшырдым. Ошол убакта атам операция болуп калды. Ооруканадагы хирург чыгып, чачымды уйпалап, «баары жакшы болот, атаңдын өмүрүн сактап калдык» деди. Ошондон кийин дарыгерлик жоопкерчиликтүү кесип экенин сезип тандагам. Курулуш техникумун таштап салып, медициналык институтка тапшыргам.

20181018_122242

Бааланбаган түйшүктүү кесип

Бул дүйнөдө адамдын өмүрү эң кымбат. Андыктан адамдын өмүрүн сактап калуу бизге дем берет. Жаштар келип реаниматолог-анестезиолог болууну үйрөнүп жатышат. Аракет болгон жерде жумуш да жакшы болот деп ойлойм. Бир жылда 30-50 адам каза болот. Ооруканага кайрылгандардын көбү эле арактан ууланып келген адамдар болот. Алкоголизмге кызыгып канча адам каза болуп калып жатат, алардын жарымынан көбү эркектер. Ошондой эле жаракат алып, абалы оор келген бейтаптар көп кездешет. Жандандыруу бөлүмүнө бир жылда 700 адам жатса, алардын ичинен 30-50 адам каза болуп калат.

Россияда 15 жыл жандандыруу бөлүмүндө иштеп, пенсияга чыгышат. Ал эми Кыргызстанда андай эмес. Мен 29 жыл иштеп пенсияга чыга элекмин, бирок жакында чыгам. Биз эчак эле пенсияга чыгышыбыз керек болчу, дарыгерлер жетишпегендиктен иштеп келе жатабыз.

Жубайым да дарыгер, 2 уул жана 1 кызыбыз бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×