Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.10.2018 09:32

Нарында эркин күрөш боюнча ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-уландар спорт мектебинде Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2003-2007-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Нарын шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунан жана Нарын шаарынан келишкен төрт командадан 180 балбан килем үстүндө мелдешке түшүштү. Жоон билек балбандар 12 салмак даражада күч сынашкан. Эки күнгө созулган мелдеште Нарын шаарынын командасы 1-орунду, Кочкор районунун командасы 2-орунду, 3-орунду Ат-Башы районунун командасы, 4-орунду Жумгал районунун командасы камсыз кылышты. Ал эми салмактык даражалар боюнча жеңүүчүлөргө Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору жана медалдары тапшырылды.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

26 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Жаныбеков Эсен (Кочкор району);
- 2-орун Жолдошбеков Азим (Нарын шаары);
- 3-орун Нарынбеков Даниэл (Кочкор району);
- 3-орун Айып кызы Гүлайым (Кочкор району);

28 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Жумадилов Жандос (Нарын шаары);
- 2-орун Бейшеналиев Нурхан (Нарын шаары);
- 3-орун Баймурзаев Акжол (Нарын шаары);
- 3-орун Кайыпбеков Рамазан (Жумгал району).

30 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Исмаилов Азис (Кочкор району);
- 2-орун Бактыбеков Ырыскелди (Нарын шаары);
- 3-орун Райымбек уулу Байжигит (Кочкор району);
- 3-орун Торгоев Ибрахим (Нарын шаары);

32 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Асан уулу Өмүрбек (Нарын шаары);
- 2-орун Жумакадыр уулу Акжол (Нарын шаары);
- 3-орун Асанакунов Азирет (Нарын шаары);
- 3-орун Рустамбеков Эржан (Жумгал району);

35 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Барктабасов Чыңгыз (Нарын шаары);
- 2-орун Нурлан уулу Нурбол (Нарын шаары);
- 3-орун Султанов Бектурсун (Кочкор району);
- 3-орун Жолдошбек уулу Актилек (Жумгал району).

38 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Сыдыков Жамал (Нарын шаары);
- 2-орун Эркинбек уулу Шумкарбек (Кочкор району);
- 3-орун Таштанбекова Гүлнура (Нарын шаары);
- 3-орун Бейшеналиев Сыймык (Ат-Башы району).

41 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Муратбеков Ынтымак (Нарын шаары);
- 2-орун Исламбек уулу Кутман (Кочкор району);
- 3-орун Бейшеналиев Бекзат (Нарын шаары);
- 3-орун Казыбек уулу Азат (Кочкор району).

45 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Сүйүндүк уулу Иман (Нарын шаары);
- 2-орун Абдыжалиев Кайрат (Нарын шаары);
- 3-орун Таалайбеков Айбек (Нарын шаары);
- 3-орун Турганбек уулу Эрназар (Кочкор району);

48 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Кубанычбек уулу Тилек (Нарын шаары);
- 2-орун Мирбек уулу Абдусалим (Жумгал району);
- 3-орун Чолпонбек уулу Алишер (Кочкор району);
- 3-орун Рысбек уулу Улукбек (Нарын шаары).

51 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Анварбеков Нурдин (Нарын шаары);
- 2-орун Данияр уулу Эмир (Нарын шаары);
- 3-орун Бейшеналиев Даниэл (Нарын шаары);
- 3-орун Нурлан уулу Жалынбек (Нарын шаары).

55 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Мелис уулу Айтегин (Нарын шаары);
- 2-орун Султанов Жанадил (Нарын шаары);
- 3-орун Жумакадыров Мурас (Нарын шаары);
- 3-орун Кубанычбек уулу Ислам (Нарын шаары).

60 кг салмактан жогоркулар арасында:

- 1-орун Шимаров Арофат (Нарын шаары);
- 2-орун Жыргалбек уулу Аскар (Нарын шаары);
- 3-орун Бакытбеков Абдырахман (Жумгал району);
- 3-орун Таалайбек уулу Эрмек (Нарын шаары).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×