Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.10.2018 09:11

Нарында Баткен окуясына катышкандар сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Баткен окуясында Нарын шаарынан өлкөнүн чек арасын душмандардан бошотууга 115 жоокер аттанып, алардын экөө — «Манас» орденинин ээси Заярко Руслан жана «Эрдик» медалынын ээси Мукамбет уулу Улан баатырларча курман болушкан. Ажалга тике караган баатырлардын жаркын элесине таазим этип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтылды. Ошондой эле эстелик медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарада Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Куралдуу күчтөрдүн республикалык ардагерлер кеңешинин, Нарын облустук бириктирилген аскер комиссариатынын, Нарын шаардык ардагерлер кеңешинин, Баткен согушунун Нарын облустук ардагерлер кеңешинин жана башка мекеме-уюмдардын сыйлыктары жана белектери ардагерлерге ыйгарылып, алардын эрдиги даңазаланды. Мындан тышкары Алымкулов Эмил, Шамбетов Акылбек, Орозобеков Султанбек, Сарыгулов Жолдошбек жаштарды париоттуулукка тарбиялоодогу жигердүү иштери үчүн эстелик медалдар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×