Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 27.10.2018 10:39

Нарын шаарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскеришти (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Акималиев атындагы сейил багында Баткен окуясынын аяктагандыгынын 19 жылдыгына карата эскерүү митинги өткөрүлүп, баатырларча курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Баткен окуясынын ардагерлери, шаар тургундары, мектеп окуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жоокерлердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондорго куран окулду.

Эскерүү иш-чарасын Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачып, Баткен окуясына катышкандардын террорчулардын согуштук аракетин талкалап, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо кыргызстандык жоокерлер жана ыктыярдуу аскердик топтор мекенчилдик сезими жана кайратман эрдиги менен жеңишке ээ болгондугун баса белгиледи. Чек араны душмандардан бошотууга Нарын шаарынан 115 жоокер аттанган. Алардын ичинен «Манас» орденинин ээси Заярко Руслан менен «Эрдик» медалынын ээси Улан Мукамбет уулу баатырларча курман болгон.

Ал эми катарыбызда жашап, иштеп жаткан Баткен согушунун ардагерлерине Нарын шаардык мэриясынын ардак грамоталары тапшырылды. Андан кийин генерал Мэлис Бекбоев ардагерлерди куттуктап, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн болгон тарыхый окуяга өз баасын берди. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева да ардагерлердин эрдигине таазим кылып, акимдин атынан куттуктоо жолдоп, ардак грамоталарды тапшырды.

Баткен согушунун 19 жылдыгына карата Нарын шаарында жашаган ардагерлерге жергиликтүү бюджеттен 114 миң сом бөлүнүп, белек берилери айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×