Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 11.10.2018 10:45

Конъюнктивит оорусун кантип алдын алса болот? (дарыгердин кеңеши)

Turmush -  Нарын облусунда конъюнктивит оорусу 1 жылдан бери көп кездешип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Айнура Асанова билдирди.

Дарыгердин айтымында, аталган дартты убагында дарылабаса көздүн көрбөй калуусуна чейин алып келет. Андыктан ар бир адам көз гигиенасын сактап, айымдар өзүнө гана тиешелүү косметиканы колдонуусу керек. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, көбүрөөк таза абада болуу сунушталат. Көз кызарып жатса жана бул белгилер 1 жумага созулса, дароо көз дарыгерине кайрылуу керек.

«Конъюнктивит — көздүн былжырлуу кабыкчасынын сезгениши. Бул оору былтыркы жылдан бери көп кездешип жатат. Ал жугуштуу болгондуктан үй-бүлөдө бирөө ооруса башкаларга да өтөт. Буга көздүн гигиенасын сактабоо, иммунитеттин төмөн болушу себеп болот. Клиникалык белгилери — көз кызарып, бир нерсе киргендей болуп, батташып жабышып калат. Бул убакта дарыгерге кайрылуу керек. Көз оорусун алдын алуу жолдору да бар. Иммунитетти көтөрүп, колду таза кармап, көздү ушалабоо керек. Убагында дарылабаса өөрчүп, карекке жетип кетип, көзгө ак түшөт. Каректин тушун кылдаттык менен кароо керек. Эгерде кайдыгерлик менен караса көрбөй дагы калышы мүмкүн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.