Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 10.10.2018 14:52

Айыл турмушу: Элеттик мугалим Д.Исакбекова гүлдүн сексенге жакын түрүн өстүрөт (сүрөт)

Turmush -  Динара Исакбекова 25 жылдан билим берүү тармагында эмгектенип, өзгөчө гүлдөргө көңүл буруп, ар бир мезгилге жараша гүлдөрдүн түрүн өстүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Динара Исакбекова 1961-жылы Панфилов районунун Орто-Кайырма айылында төрөлгөн.

«Мен Панфилов районундагы Кубат Жуматаев атындагы орто мектепте 25 жылдан бери биология мугалими болуп эмгектенем. Албетте, өзүмдүн кесибим биолог болгондуктан ар бир өсүмдүктүн, гүлдөрдүн абалын, жада калса алардын соолуп, куурап бара жатканын ичимден туям.

Негизи эле аял катары үйгө жана үйдүн айланасына, мектепке гүлдү өстүргөндү абдан жакшы көрөм. Гүл өстүрүү менин хоббиме айланган. Бардык мезгилге жараша гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөм. Азыркы учурда жоогазын, астранын түрлөрүн жана күзүндө гүлдөй турган гүлдөрдү өстүрүп жатам. Гүл өстүрүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм.

Мектепте 80 челек гүлүм бар. Алардын көбүнчөсү оңой менен гүлдөбөй турган гүлдөр. Гүлдөй тургандары деле бар. Аларды жерге тигип койсом деле гүлдөй берет. Ошол 80 челек гүлдүн ар бирин, жада калса жалбырагы кыйшайып баратканын сезем. Окуучулар байкабай сындырып алган гүлдөрдү тетири каратып, катып койсо дагы ошону көрөм. Окуучуларым таң калышат. Сынып калган гүлдү жөн эле топуракка сайып койсом, ошол гүл кадимкидей гүлдөйт. Гүлдөрдүн соолуганын көрсөм кыйналып кетем.

Мен гүл өстүрүүдө атайын дары-дармектерди колдонбойм жана дүкөндөн топурак сатып албайм. Болгону короодогу топуракка гүл отургузам», - деди ал.

Ар бир гүлдүн өзүнүн тарыхы бар. Алардын ар бирине мугалим ар башка мамиле жасайт.

«Анткени кээ бир гүлдөр сууну көп талап кылса, кээ бири аз суу ичет. Айрым гүлдөр жанына келген адамдарды сезет. Кандайдыр бир биоталаа бар. Эмнегедир мен жанына барсам, гүлдөр сүйүнүп, жалтырап тургандай сезилет. Менимче гүлдөр да адамдын ички сезими менен байланышып турат болуш керек.

Гүлдүн пайдалуу жактары абдан көп. Мисалы, алар чаңды жана көмүр кычкыл газын өзүнө соруп алат дагы, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ошондой эле жагымдуу аураны түзөт. Бөлмө кургап калган учурда көбүрөөк суу ичкен гүлдөр кайра бууланып, абаны нымдайт. Мен көбүнчө оңой менен гүлдөбөй турган өзгөчө гүлдөргө басым жасайм.

Гүлдүн дарылык касиети да бар. Мисалы, тирүү бак деген гүл ар кандай жараларга, ириңдерге, шишиктерге өтө пайдалуу», - деди ал.

Динара Исакбекова окуучуларга өсүмдүктөрдүн гүлдөшүн, өсүүсүн практика жүзүндө көрсөтүп берет.

«Мен окуучуларыма ар бир гүлдүн, өсүмдүктүн гүлдөп, тамыр алганын практика жүзүндө көрсөтүп берем. Класста челекте өскөн гүлдөрдүн жанына бадыраңдын, буудайдын уругун сээп, анын өнгөнүн, тамыры чыкканын, гүлдөгөнүн көрсөтүп берем. Кышында помидордун уругун да так ошондой кылып сээп, андан соң окуучуларга көрсөтүп турам. Окуучулар абдан кызыгышат. Себеби, кышында кайдагы помидор. Ошол помидор өтө чоң болуп бышпаса да, жаңгактай түшүм берет. Андан соң аны баардыгыбыз ооз тиебиз», - деди ал.

Динара Исакбекованын 2 кыз, 1 уулу жана 11 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×