Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 15.10.2018 23:19

Айыл турмушу: Зергер Арчабек Мамырканов банкрот болгонуна карабай ишин улантып жатат (сүрөт)

Turmush -  31 жаштагы Арчабек Мамырканов 8 жылдан бери зергерчилик менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Арчабек Мамырканов 1987-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын районунун Кара-Чий айылындагы мектепти аяктап, Бишкектеги Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 кесиптик лицейде билим алган. Алтын-күмүштү иштетүүгө кызыгып, зергерчилик менен алектенген. Андан соң мындай майда жумушту чоң бизнеске айлантуу максатында 100 000 сом сарптаган. Бирок акыбети кайтпай, орто жолдон банкрот болду. Азыркы учурда буйрутма менен зер буюмдарды жасайт.

«Аталган лицейден керамика жана чопону иштетүү боюнча билим алып чыктым. Андан кийин алтындан буюм жасоого кызыгып жумушка кирдим. Ал жерде 6-7 жыл иштеп, тажрыйба топтодум. Казан-Куйган айылында да иштеп жүрдүм. Учурда Нарын шаарындагы базарда алтындан, күмүштөн сөйкө, шакек, билерик жасап, оңдоп жатам. Көбүнчө кардарлар сөйкөнү шакек, шакекти сөйкө кылып жасатуу үчүн кайрылышат. Кирешебиз өтө укмуш деп айтпайм. Ар кандай болот, кээде бир күндө 1,5 миң сомго чейин киреше түшөт», - деди ал.

Арчабек Мамырканов кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө таанытууга аракет жасап келет.

«Менин ысымыма көп адам таң кала берет. Чоң атам токойдо иштечү экен. Мен төрөлгөндө өмүрү узун болсун деп Арчабек ысымын ыйгарган экен.

Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө таанытууну максат кылам. Фестивалдардан калбай барып турабыз. Бул өтө майда жумуш, кызыгууң болсо ал нерсе билинбейт, тескерисинче ырахат алам. Өзүмдүн оюларым бар. Бул өлбөс жумуш, карыганда деле кыбырап иштей берсе болот.

Сүрөтчүлүк өнөр атамдан өткөн. Бул өнөрдү үйрөнгүсү келип, кызыккандар болот. Албетте, андай балдарга билгенимди үйрөтүп турам. Зергерчилик кесиптин дүйнө жүзүндө келечеги кең. Кызыккандар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Убагында 100 миң сомго иш баштайм деп жатып банкрот болгом. Азыр деле кудайга шүгүр, ишибиз жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×