Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2018 09:12

Нарында «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» юбилейлик медалын кимдер алышты?

Turmush -  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругуна ылайык Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Алиев бул тармакта жигердүү иштеген кызматкерлерге «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» юбилейлик медалын жана күбөлүктөрүн тапшырды. Алардын катарында Нарынбек уулу Октябрь, Кадыров Талантбек, Жапаров Мирлан, Алыбаев Нурлан, Мыраалиев Мелис, Сакебаев Талантбек, Аалиев Уланбек, Рыскулов Данияр бар.

Учурда облуста кылмыш иликтөө кызматында 50гө жакын кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×