Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.10.2018 13:57

Бала тили — бал: Чоңойгондо доктур болуп, баарын дарылайм, - 5 жаштагы Жамиля

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 5 жаштагы Жамиля Эрмекова.

Жамила чоңойгондо дарыгер болгусу келет. Ал сулуу куурчактарды жакшы көрөрүн жана бөбөгү бакырып ыйларын айтып берди.

«Мен чоңойгондо доктур болуп, бүт баарын дарылайм. Мамам, папам ооруп жатпайбы, укол сайып, анан дагы башын сүртүп, дары бериш керек. Башы ысык экенби же жокпу билем. Кичинекей кезимде менде сөйкө болгон, азыр да жаңы сөйкөм бар. Мамамдын аты Венера, мен ага жардам берем. Мамам лялячка кыз төрөгөн. Мамам үйдө иштейт. Лялячканын көзү, кулактары мага окшош экен. Ал чоңойгондо шурумду бергим келип жатат. Мамам менин чачымды өрүп берди, көп көйнөк сатып келиптир. Төрөлгөм, чоңойгом, мама деле, папам деле, Эмир деле чоңойгон. Бирок менин бөбөгүм эле чоңоё элек, эртең чоңоёт экен. Бөбөгүм ыйлаак, чоңойсо бакырбайт го, ал мага окшош болот. "Пони", "Эмили", "Кула Барби", "Фиксики", анан дагы Акылай менен Актанды көрөм. Барби жагат, чачы сонун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×