Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.10.2018 12:46 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Т.Муратова азыркы окуучулардагы көйгөйлөрдү айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 67 жаштагы тургуну Тамара Муратова 41 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Мугалим азыркы окуучулардагы көйгөйлөр тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Тамара Муратова 1951-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Ат-Башы айылындагы мектепте окуп, жогорку окуу жайды аяктаган соң эмгек жолун өз айылынан баштаган. Ал учурда Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Мугалим КРнын «Ардактуу айымы», «Билим берүүнүн отличниги» наамдарынын ээси.

«Ат-Башы районунун Дыйкан мектебинде 6 жыл, Терек-Суу айылында мектептин директору болуп 1 жыл иштедим. Андан кийин 2,5 жыл Ат-Башы РЭСтин аткаруу комитетинде депутат болуп эмгектендим. 28 жылдан бери Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебине иштейм. Орус тили жана адабияты боюнча сабак берип, 3 классты бүтүрдүм.

Окуу жайды бүткөн жылы Кара-Сууда 1 жыл иштегенде эле билим берүүнүн отличниги аталдым. Ал кезде азыркыдай эмес, тартип катуу болчу. Айыл ичинде "орус тилинде таза сүйлөгөн мугалим" деп баалашчу. Терек-Сууда 6 жыл мугалим болгондон кийин дароо директор кылып шайлашкан. Окуучуларым жакшы жерлерде иштеп жатышат. Сапарым карып бара жатат окшойт, быйыл иштеп, андан соң жаштарга орун берем», - деди ал.

Тамара Муратова: «Балдардын арасында тамашакөй, тапан окуучулар болот. Бир окуучум бар болчу, дайыма сабакка кечигип же келбей койчу. Бир күнү андан эмне үчүн сабакка келбей жатканын сурасам, "сасык тумоо болуп ооруп калып, силерге жукпасын деп эле келбей жаттым" деди. Бизди сыйлап жатканы үчүн аны тилдеген жокмун. Андай окуучуларым чоңойгондо каталарын түшүнүштү.

Учурда билим сапат төмөнүрөөк болуп жатат. Азыр балдар окууга жакшы көңүл бурушпайт. Ата-энелер да жакшы карабайт. Балдар кечке интернетке кирип, сабакка келгенде уйкусу келип отурушат. Биз окуучулардын телефон колдонуусуна тыюу салып, эгер колдонсо ата-энесин айыпка тартууну демилгелегенбиз. Ата-энелер буга каршы чыгышты. Окуучулар сабакка келгенде таптакыр башкача болуп, виртуалдык жашоодо жүргөндөй сезилет. Суроо берсең алардын оюу башка жакта болот. Ошондуктан ата-энелер балдарга жакшы көңүл бурушу керек. Бирок интернетти тапшырма аткаруу үчүн колдонгондор да бар», - деди.

Орус тилчи мугалимдин 2 уул, 1 небере жана 1 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×