Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.10.2018 11:29

Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери кичи футбол боюнча турнирде жеңүүчү аталышты (сүрөт)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунун сотунун кубогу үчүн кичи футбол боюнча турнир болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, аталган мелдешке 8 команда катышып, өз ара күч сынашты. Бул мелдеш кызыктуу өткөндүгү менен айырмаланды. Командалар эки тайпага бөлүнүп беттешишкен. Андан соң тайпанын жеңүүчүлөрү жарым финалдык жана финалдык беттешүү өткөрүштү.

Финалда Ак-Талаа менен сот департаментинин командалары беттешип, оюндун эки бөлүгү тең ак-талаалык оюнчулардын үстөмдүгүндө өтүп, 6:3 эсебинде сот департаментинин оюнчулары жеңилүү ызасын тартышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ак-Талаа районунун, 2-орунду облустук сот департаментинин командасы, 3-орунду Нарын шаардык сотунун командалары ээлешти. Ал эми Жумабаев Эрмек «Мыкты дарбазачы», Асанбек уулу Данияр «Мыкты коргоочу», Байкытаев Эркинбек «Мыкты жарым коргоочу» наамдарына ээ болушуп, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ак-Талаа райондук сотунун командасы Нарын облустук сотунун өтмө кубогун жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×