Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 06.10.2018 22:13 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Д.Алишерова азыркы балдарды кандай тарбиялоо керектигин айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде 40 жылдан бери башталгыч класстарга билим берип келген Дааркүл Алишерова бала кезиндеги максатына жетип мугалим болгон.

Дааркүл Алишерова ушул күнгө чейин жалпы жонунан 10 классты бүтүргөн. Чарчадым-чаалыктым дебестен, жаштар менен тең тайлашып иштеп келе жаткан мугалимдин эмгеги бааланып, «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон. Ал 1952-жылы Нарын районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөн. 5 бир туугандын эң кичүүсү. 1970-жылы турмушка чыгып 3 уул, 1 кыздуу болуп, учурда 6 небере, 4 чөбөрөнүн жатын жыттап отурат.

«Мугалимдик кесип аябай эле оор. Далай балдарды тарбияладым. Алардын жекече мүнөзү болот, ар бири менен башкача сүйлөшүү керек. 40 жыл мурун балдардын тарбиясы башкача болчу, азыр ата-энелер да, балдар да башкача. Окуу программа да өзгөрдү. Коом өзгөрүп жатпайбы, демек азыркы коомдун балдарын тарбиялашыбыз керек. Азыр балдар кыймылдуу, бир нерсени тез кабыл алышат. Ошонусу менен мурункулардан айырмаланат.

Бактылуу балалык — башталгыч класста деп ойлойм. Булар эч нерседен уялышпайт. Кичинекей кезимде эле мугалимдерди көрүп алып, алардай мугалим болгум келчү. Ошол максатыма жеттим десем болот. Кудайга шүгүр, бактылуу таене, чоң апамын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×