Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 06.10.2018 13:03 На русском

23 жаштагы мугалим М.Таалайбековага мектептин бүтүрүүчүсү акыркы коңгуроодо сүйүүсүн билдирген (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Асанкадыр Садыков атындагы №9 орто мектебинин англис тили сабагынан берген мектептин 23 жаштагы эң жаш мугалими Таалайбекова Майрамкүл менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, алгачкы иш күндөрү кызыктуу башталып, окуучулары жол тороп, айрымдары сүйүүсүн арнаган.

«2017-жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктап, бул мектепке катчы болуп ишке киргем. 1 жыл болду. Учурда катчылык кызмат менен бирге мектеп окуучуларына англис тилинен сабак берем. Алгач, жаңы иштеп баштаганда башкача сезимдер болот экен. Окуучуларым дагы мени абдан жакшы тосуп алышкан.

Башталгыч класста окуган окуучуларым мени менен сырдашып, өз эжесиндей эле көрүшөт. Чындыгында алар менен иштешкен өтө кызыктуу. Иш учурунда кызыктуу окуялар көп болот. Окуучуларымдын арасынан сүйүүсүн айткандар болгон (күлүп). Чоң класста окуган окуучулар дагы сезимдерин билдирген күндөрдү эстеп күлүп калам. Былтыр бир бүтүрүүчү телефон номурумду таап, акыркы коңгуроодо сезимин айткан. Мен ошол күнү эрте эле үйгө кетип калган элем. Ал окуучу кечке мени издеп күтүптүр. Кечинде номурумду таап, телефон аркылуу кат жазган. Ал окуучуну мурда көрүп эле жүрчүмүн. Аябай ыңгайсыз болгом», - деди ал.

Мугалим мектеп ичиндеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, ардак грамоталар менен сыйланган.

«Мугалим ар тараптан таланттуу болушу керек деп ойлойм. Мектеп ичиндеги ар кандай майрамдык иш-чаралардан калбай катышам. Бийлеп, ырдаганды жактырам. Андан сырткары спорттук мелдештердин бири волейбол оюнуна дагы катышам. Бул спортко мектепте окуп жүргөндө эле кызыгып, мелдештерге катышып жүргөм. Азыр дагы бул спортту таштабай мугалимдер менен болгон мелдештерден калбай ойнойм», - деди ал.

Майрамкүл келечекте алдыңкы мугалимдердин катарын толуктап, окуучуларына татыктуу билим берип, алардын ийгилигине кубанган мугалим болсом деп кыялданат.

«Мен дагы окуучуларыма жакшы билим берсем дейм. Окуучуларым көп ийгиликтерди багындырып, мен алар менен сыймыктансам деп кыялданам. Мындан тышкары талыкпаган эмгектин арты менен алдыңкы мугалимдердин катарын толуктагым келет. Мен окуган университетте сабак берген Асел Мукарапова деген жакшы көргөн мугалимибиз бар болчу. Бизге методикадан сабак өтчү. Ал ушунчалык жан дүйнөсү менен берилип, студенттердин баарына мыкты билим берген. Учурда дагы эмгектенип келет. Мен ошол эжейимдей болсом деп көп аракет кылам. Ал эжейибизди студенттердин баары жакшы көрөт», - дейт ал.

Мектептин эң жаш кызматкери жана бойдок мугалими Майрамкүл келечекте өзүн түшүнгөн, мыкты сапаттарга ээ мырзага баш кошуп, бактылуу болгусу келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×