Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 06.10.2018 20:53

Бала тили — бал: Доктур болуп, кыздарга операция жасайм, - 5 жаштагы Акыл (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 5 жаштагы Акыл Жантаев.

- Атың ким?

- Акыл.

- Канча жаштасың?

- Беш.

- Сага ким көп акча берет?

- Папам.

- Апаңдын акчасы көппү же атаңдынбы?

- Мамамдын акчасы көп.

- Бала бакчага келген жагабы?

- Оба бирок садиктен Алена же менен Кундуз же урушат. Мен коркпойм алардан.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Догтур.

- Алар эмне кылышат?

- Аператса кылат.

- Кимди операция кылат?

- Ммм... Кыздарды. Бала төрөгөн.

- Милициялар эмне кылышат?

- Гаи тосот. Машиналарды тосот.

- Сенин сүйгөнүн барбы?

- Ал азыр школдо Айданек.

- Ал кандай кыз?

- Чачы узун эмес бирок сулуу. Чачы узун кыздар сулуу болот да.

- Мирбек Атабеков деген ким?

- Ырчы энекем ай ыры жагат.

- Сооронбай Жээнбеков ким?

- Ал ырдабайт депутат.

- Президент ким?

- Атамбаев.

- Аларды сага ким айтты?

- Телезордон көргөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×