Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2018 17:30

Нарында Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрь кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына арналган иш-чара Нарын шаарындагы жаштар ордосунда салтанаттуу түрдө белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага КРдин өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облустук сотунун төрагасы Алдаярбек Абдыбеков жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Нарын облусу боюнча криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери менен ардагерлери катышты. Кечени Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Аалиев ачып берип, Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын (кылмыш иликтөө кызматынын) басып өткөн жолуна кыскача токтолуп, кесиптештерин 100 жылдык майрамы менен куттуктады. Андан соң, Нарын ОИИБдин жана Нарын шаарындагы жергиликтүү студиянын күчү менен кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына арналып тартылган «Коштошуу» аталышындагы чакан видео-тасма көрсөтүлүп, Нарын облустук ички иштер органдарынын кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Ошондой эле, бул тармакта жигердүү иштеген кызматкерлерге ИИМдин «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» юбилейлик медалы жана төш белгилери, кезектеги атайын наамдар тапшырылды. Мындан сырткары, Нарын ОИИБдин ардак грамоталары, алкыштары менен айрым кызматкерлер сыйланды. Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө кызматында өмүр бою кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлерге да атайын төш белги жана күбөлүктөр тапшырылды.

Иш-чарада музыкалык чыгармалар аткарылып, аталган кызматка демөөрчүлөр 12 даана компьютер жана жаңы үлгүдөгү, 3 функциялуу 12 даана принтер белекке берилди. Майрамдык кеченин биринчи бөлүгү Нарын шаарындагы жаштар ордосунда болсо, экинчи бөлүгүндө келген меймандарга жана ардагердерге сый тамак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×