Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2018 14:49 На русском

Айыл турмушу: Билим берүүнүн отличниги К.Байдөөлөтова эс алууга чыкканда 20 күн колхоздо иштечү (сүрөт)

Turmush -  35 жыл бою башталгыч класстарга тамга үйрөтүп, билим берген Калипа Байдөөлөтова учурда ардактуу эс алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Калипа Байдөөлөтова 1951-жылы Миң-Булак айылында төрөлгөн. Мектепти өз айылынан бүтүп, Нарын педагогикалык окуу жайында билимин уланткан. Окууну бүткөн соң өз мектебине кайтып, эмгек жолун баштады. Иштеп жүргөндө В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун сырттан окуп, башталгыч класстын мугалими адистигин алып чыккан. Турмуш шартына байланыштуу Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде иштеп калган. Ал жалпы жонунан 35 жыл мугалим болуп иштеди.

«Союз убагында иштөө өтө татаал болчу. Милдеттүү түрдө жылда кабинетти жаңыртып иштечүбүз. Эс алуу убагында колхоздун жумуштарына катышчубуз. Чөп чаап, сугатка катышчубуз. Талаага жүк ташуучу унаанын чиркегичине түшүп алып, ырдап барчубуз. Ошентип 20 күндүк эс алуу убактыбызды колхоздун жумушу менен өткөрчүбүз.

Башталгыч класстын мугалими болгондуктан кичинекей балдар менен иштөө татаал болчу. Себеби, ар бир баланын мүнөзүн талдап окутуу керек. Көндүрүү кыйын болчу. Мурда бала кандайдыр бир себептерден улам мектепке келбей калса, үйүнө чейин барып окутчубуз. Азыр андай жок. Окуткан балдарым жаман болгон жок, азыр жакшы кесипте иштегендери бар», - деди ал.

Билим берүүнүн отличниги Калипа Байдөөлөтованын учурда 4 кыз, 2 эркек баласы жана 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×