Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2018 14:38 На русском

Ала качуyнун курмандыгы болгон Айзада. Ишкер күйөөсүнүн расмий үй-бүлөсүн кайненеси да жашырып келген

Turmush -  басылмасы «Тагдыр» рубрикасы аркылуу жашоонун оор сыноолоруна кабылган Кыргызстандын бардык аймактарындагы тургундардын муң-кайгысын чагылдырууну улантат.

Нарын шаарынын тургуну Айзаданы (ысымы өзгөртүлдү) 20 жаш курагында Ысык-Көлгө өзүнөн 7 жаш улуу адам ала качып кеткен. Тагдырына баш ийип, отуруп калган Айзада күйөөсү менен расмий баш кошкон эмес. Алар нике кыйдырып гана жашап башташкан. Эки айдан соң жолдошу Россияга иштөөгө кеткен. Ал үйдүн жалгыз уулу болгондуктан, Айзада кайненесин карап үйдө калат.

Айзаданын айтымында, боюна бүтүп, ай-күнүнө жетип отурганда Россиядан жолдошу келген.

«Мен нарындык болом. 2003-жылы Ысык-Көлгө ала качып кетишти. Барган жерим жагып, отуруп калдым. Жакшынакай эле жашап жүрдүк. Жолдошум жалгыз бала экен. Кайненем мага аябай жакшы мамиле жасап жүрдү. Эки айдан кийин жолдошум “Россияга барып, акча таап келишим керек” деп кетти. Өкүнгөнүм, расмий баш кошкон эмеспиз, мусулманча эле нике кыйдырган болчубуз. Жолдошум кетерде боюмда бар болчу. Ошентип, кайненем экөөбүз калдык.

Төрөрүмө аз калганда жолдошум келди. Анын кийимдерин жууп жатканда паспорт жана нике күбөлүк таап алып, аябай ыйладым. Көрсө анын мурда эле аялы, 2 баласы бар экен. Мени апасын бактырганга эле алыптыр. Апасы дагы мага эч нерсе билгизген эмес. Ошентип ызы-чуу болдук. Биринчисинде алдап, андай эмес мурда эле ажырашып кеткем деп жатты. Бирок мен ишенген жокмун. Туугандарыма айттым, алар мени алып кетишти», - деди ал.

Айзада ата-энесинин үйүндө төрөгөн.

«Ата-энемдикинен төрөдүм. Балам 3 ай болгонго чейин күйөөм акча салып жатты. Бирок андан кийин бизден кабар алган жок. Кийин сураштырсам, чындыгында аялы, 2 баласы бар экен. Чоң бизнес менен алектенет экен. Мындай окуяны башымдан өткөрүү менен жашоодон оозум күйдү. Айтарым, кыздар менин басып өткөн жолумдан сабак алышса, жеңил ойлуу болушпаса. Азыр эркектер кыздарды тез алдайт, себеби кыздар көп дешет. Кыздар дагы аялы бар экенин билип туруп, экинчи аялы болууга макул боло беришет», - деди ал.

Маалымдама:

2012-жылдан бери кыз ала качкандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам күчүнө кире баштаган. Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелери боюнча кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлагандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×