Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2018 08:22

Айыл турмушу: Т.Молдалиева Нарын шаарынын макетин жасап, жылдын мыкты тарбиячысы аталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 30 жаштагы тургуну Тараскан Молдалиева 5 жылдан бери «Чебурашка» атындагы бала бакчада эмгектенип, бөбөктөргө түрдүү оюнчуктарды жасап берет.

«Апам мугалим. Анын жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандап, 2011-жылы шаарыбыздагы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен башталгыч класстарды окутуунун методикасы боюнча билим алгам. Ушул эле жылы Кочкор айылындагы мектепте 2 жыл өз кесибим менен иштедим. 2013-жылдан бери шаарыбыздагы "Чебурашка" атындагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келем. Мурунку жумушум менен азыркымдын айырмасы өтө чоң. Бул жакта кичинекей балдар менен иштешүү абдан кызыктуу. Аларга кагаздан, желим бөтөлкөдөн оюнчуктарды жасап берүүдөн эргүү алам. Тарбиячылар менен биргеликте балдарга көргөзмө куралдарды жасайбыз. Бала бакчанын ичин, сыртын дагы жомоктор дүйнөсүнө саякат жасагандай, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулап жасалгалаганбыз», - деди ал.

Тараскан Молдалиева 5 жылдан бери тарбиячылар арасында сынактарга катышып, 1-орундарды алып келет.

«Быйыл Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата шаарыбызды келечекте кандай көрөбүз деген темада макет жасап, 1-орунга ээ болдук. Ошондой эле Нарын шаарынын билим берүү бөлүмү жана Нарын шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланып, шаарыбыздын бала бакчалардагы тарбиячылардын арасынан "Жылдын мыкты тарбиячысы-2018" наамын алдым. Мындан тышкары ыр кечелерде ырдап, бийлейм», - деди ал.

Тарбиячынын жолдошу Өмүрбек Молдокулов экөөнүн баш кошконуна быйыл 7 жылдын жүзү болду. Алар 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×