Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2018 08:15

Нарын шаары менен Латвиянын Паргауя шаарынын ортосунда достук алака түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаары менен Европанын Латвия мамлекетинин Паргауя шаарынын ортосунда достук алака түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Латвия мамлекетинин Паргауя шаардык муниципалитетинин тɵрагасы Хардийс Вентс менен достук жана ɵз ара кызматташуу келишимине кол койду.

Келишим социалдык-экономикалык ɵнүгүү жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча ɵз ара тажрыйба алмашуу максатын кɵздɵдү. Анын негизинде коомдук транспортту, туризмди, соода-сатыкты, коомдук тамак-ашты ɵнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделди. Эки ɵлкɵнүн муниципалитеттеринин ортосунда Кыргызстан менен Латвиянын улуттук каада-салттарын жайылтуу, маданий мурастарын даӊазалоо, ɵз ара улуттук кол ɵнɵрчүлүк кɵргɵзмɵлɵрүн жана концерттик турларды уюштуруу пландары коюлду.

Бул саамалык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкүлдɵрүнүн Латвиядагы 1-октябрдан 5-октябрга чейинки 5 күндүк иш сапарынын алкагында жүзɵгɵ ашты.

«Кыргызстанда Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарын ɵнүктүрүү жана сапаттуу башкарууну жылдыруу» долбоорунун алкагында ɵткɵрүлүп жаткан иш сапарды Латвиянын Тышкы иштер министрлиги жана Ѳнүктүрүү саясат институту каржылап, Латвиянын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу ассоциациясы уюштурду.

Латвияга Кыргызстандан барган топтун курамын Жогорку Кеӊештин, Ѳкмɵттүн, президенттик администрациясынын, Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар союзунун ɵкүлдɵрү, шаарлардын мэрлери, айыл ɵкмɵт башчылары түздү. Иш сапардын алкагында Латвиянын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана жүргүзүп жаткан реформалары боюнча кеӊири тажрыйба алмашуу болду.

Нарын шаарынан сырткары Ош облусунун Жазы жана Ысык-Кɵл облусунун Кара-Ой айыл аймактары дагы Латвиянын Рауна жана Амата муниципалитеттери менен ɵз ара алака түзүүгɵ жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.