Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2018 16:03

Тянь-Шань облусундагы кылмыш иликтөө кызматкерлери согуш маалында 7 бандиттик топту жок кылган (сүрөт)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Тянь-Шань облусу боюнча бандиттик 7 топ жок кылынып, алар менен кагылышууда кылмыш иликтөө кызматынын 4 кызматкери курман болгон.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 1918-жылы 5-октябрда Эл комиссарлар советинин токтому менен РСФСРдин Башкы милиция башкармалыгында кылмыш иликтөөнүн борбордук башкармалыгы түзүлгөн. Бул күн башкы башкармалыктын анын жер-жерлердеги башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн түзүлгөн күнү катары калып, ошол жылдан бери белгиленип келе жатат.

IMG_20181004_124501

Кыргыз милициясынын ажырагыс бөлүгү болгон Нарын облусунун милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмү да кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү, кылмыштардын бетин ачуу, ашкерелөө, тергөөдөн жана соттон качып жүрүшкөн кылмышкерлер менен айыпкерлерди, дайынсыз жоголгон адамдарды издеп табуу боюнча зор ийгиликтерди жаратып келген. Кылмыш иликтөө кызматы уюшулган алгачкы жылдардан баштап эле партиялык-советтик органдардын көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарып турушкан. Күч алып турган басмачыларга аткезчилерге, мал уурулукка, алып сатарлыкка (кызыл кулактыкка), көз боемочуларга аеосуз күрөш жүргүзүп келген.

IMG_20181004_124415(1)

Нарын облустук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери оор кыйынчылык турмуштарда техникалык қаражаттардын жоктугуна карабастан, тоолуу аймакта катталган кылмыштын кайсыл түрлөрү болбосун күрөш жүргүзүп, бардык күч кубаттарын жумшап эмгектенишкен.

«Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Тянь-Шань облусу боюнча бандиттик 7 топ жок кылынып, алар менен кагылышууда кылмыш иликтөө кызматынын 4 кызматкери курман болгон. Согуштан бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүү жылдарында кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери зор ийгиликтерди жаратышып, кылмыштардын бетин ачууда алдыңкы тажрыбайларды колдонушкан.

1970-1990-жылдары Нарын облусунун аймагында катталган кылмыштардын анын ичинде кылмыш иликтөө багытындагы кылмыштар, статистикалык маалымат боюнча толугу менен ашкереленип, бул көрсөткүч 100% түзүп турган.

IMG_20181004_124440

Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүүдө, кылмыштардын бетин ачууда, эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Нарын облустук ички иштер башкармасы 1981-1984-жылдардын аралыгында 3 жыл удаасы менен Кыргыз советтик социалисттик республикасынын Ички иштер министрлигинин Кызыл туусун жеңип алган. 1984-жылы Кызыл туу Нарын облустук ИИБде түбөлүккө сакталууга калтырылган.
Жалпы НОИИБдин кызматкерлеринин ичинен кылмыш иликтөө кызматынын кошкон салымы зор болгон. Кылмыш иликтөө кызматкерлери доорубуздун ap кайсы мезгилинде ардактуу жана түйшүктүү милдеттерди аркалап, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келишкен. Алар: Төлөнөв Ю.Т., Бондаренко В.П., Жээналиев Т.Ж., Ишимов Б.Б., Шаршенбаев Ж.Ш., Дубанаев С.М., Төрөбаев А.И., Жумаков С.Ж., Курманалиев С.У., Ж.Тойчубеков, Абдымомунов С., Шаршенбаев К., Султанкеримов Б.Б., Музукеев Ж., Жакеев Ж., Асанбеков М., Абдиев К., К.Усупбеков жана башка ардагерлер менен сыймыктанса болот.

Учурда кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жеке эле кылмыштуулук менен күрөш жүргүзбөстөн коомдук саясий кырдаалдын алдын алуу, диний экстремисттик агымдардын булактарын аныктоо жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө жан дилдери менен ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп келе жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Тема боюнча: Сүрөт — 98 жыл мурун түзүлгөн Нарын облустук ички иштер башкармалыгын кимдер башкарган?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×