Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2018 14:53 Жаңыланды: 04.10.2018 18:58 На русском

Айыл турмушу: Дарыгер К.Борсокеев ток тартып, мээси сыртка чыгып калган баланын өмүрү менен 10 күндөй күрөшкөн (сүрөт)

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Борсокеев 23 жылдан бери элдин ден соолугуна кам көрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен көп ооруп, дарыгер болууну кыялданып чоңойгон.

Кубанычбек Борсокеев 1966-жылы Нарын районунун Дөбөлү айылында төрөлгөн. 1983-жылы Нарын районундагы Калинин орто мектебин бүткөн соң Нарын медициналык окуу жайында дарылоо иши факультетин аяктап, андан кийин армияга барган. Ал жерде медициналык биринчи жардам көрсөтүүчү адис болуп кызмат кылган. Аскерден келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө иштеп баштаган.

Ападан эрте ажырап...

- Ата-энем экөө тең мугалим болгон. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын тогузунчусумун. Кичинекей кезимде ооруп, ооруканага көп жатып дарыланчумун. Эң улуу Кыдыр деген агам бар эле. Ал киши «жок дегенде өз ден соолугуңду кара. Дарыгер бол» деп жатып, мына дарыгер болуп иштеп жатам.

Апабыз 7-класс кезимде каза болуп калган. Ошол кезде эле институтка тапшырам дечүмүн. Бирок 10-классты бүткөн соң шартка байланыштуу Нарын медициналык окуу жайында окуп калдым. Ал жакта 3 жыл окуп, фельдшердик кесипти алып чыктым. 1986-жылы советтик армиянын катарына чакырылдым. Ал жерде фельдшер болуп 2 жыл кызмат кылдым. Билимимди жогорулатышым керек деген максат менен медициналык институттун даярдоочу бөлүмүндө 1 жыл окудум. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, анда 6 жыл окудум. Нарындагы хирургия бөлүмүндө 1 жыл интернатурадан өттүм. Мен окууну бүткөн жылы сыныктар боюнча адис жетишсиз болуп, 1995-жылдан баштап сынык-жаракат бөлүмүндө иштеп баштадым. Иштегениме 6 ай болгондо ушул сынык-жаракат бөлүмүн жетектөө жоопкерчилиги мага жүктөлдү.

Сыймыктуу жумуш

- Болжол менен 1 жылда 150 операция жасалат. Мурда кичине жашыраак болуп, тажрыйба азыраак болчу. Көзүбүз жеткенин гана жасачубуз. Акыркы жылдары бардык операцияларды өздөштүрүп, бейтаптарга жардам көрсөтүп келе жатабыз.

Албетте биздин жумуш абдан жоопкерчиликтүү. Биз тарапка жылуу сөздөр айтылса, жумушубуз менен сыймыктанып калабыз. Кээде көп бейтап кайрылган учурлар кездешет. Мисалы, бир күндө 25ке чейин бейтаптар түшкөн күндөр болот. Алар ар кандай жаракаттар менен келишет. Айрымдары эс-учун жоготуп келишсе, кээ бирөө колу-бутун сындырып, айтор дене мүчөлөрүн жабыркатып келишет. Баарынын диагнозун аныктап, биринчи жардамга муктаждарга жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз.

Бир убакта 23 жабырлануучуну тейлеп...

- Ушул жылы кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, 23 жабырлануучу түштү. Андан сырткары 6 бейтапты карап, биринчи медициналык жардам көрсөттүк. Алардын баарына биздин бөлүмдүн кызматкерлери такыр жетишпейт. Ошондуктан оорукананын хирургиялык багыттагы дарыгерлер менен медайымдар чогулуп, жардам көрсөтүп жаттык. Палаталардан сырткары жараатты таңуу бөлмөсүнө, сыныктар пунктуна жана урологияга жаткырдык. Биринчи жаракаты оор жабырлануучуларды, андан кийин жеңил жаракат алгандарды карап жаттык. Баш-аягы 15ке чукул медицина кызматкери жардам көрсөтсөк дагы, кээ бири нааразычылыктарын айтышты. Дарыгерлер жетишпейт экен, бизди кечирээк карады деген сыяктуу сөздөрдү угуп капаландык.

Мээси сыртка чыгып калган бейтап

- Мен жаңы иштеп баштаганда токко урунуп 13 жаштагы бала келди. Бир колу жана бир буту чыгып, териси араң эле кармап туруптур. Эгер териси кармабаганда сыртка жулунуп эле түшүп калмак. Учтуу темир башынын бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып калыптыр. Анын кесепетинен мээси сыртка агып калган экен. Баланын колу-бутун таңып, болгон жардамыбызды берип жаттык. Адам болуп кетерине көзүбүз жеткен жок. Бирок 1 жумага чейин жашады. Чыгып кеткен колу-буту жыттанып, оорукананын ичи сасып баштады. Айла кетип колу-бутун кестик, андан кийин дагы 3 күн жашады. Бул түшүнүксүз көрүнүш болду. Андан кийин каза болуп калды.

Азыр ооруканага кайрылган адамдын баары эле айыгып кетет деген түшүнүк бар. Медицина адамдын ден соолугуна 10% гана эффективдүү жардам бере алат. Ошондо дагы организмдин өзүнө жараша болот.

Жардамга муктаж адис

- Мисалы, медициналык институтту бүтүп келгендердин айлыгы 5 миң сом. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккандарга 3400 сом төлөнөт. Медиктерге, мугалимдерге көңүл буруу деген жок. Мисал катары айта кетсек, Нарын шаарындагы гемодиализ бөлүмүнүн жекекчисинин келинчеги мугалим, алардын 3 баласы бар. Экөө үй алабыз деп жүрүп, 1 бөлмөлүү батирге араң жетишти. Бирок аны насыяга алышты. Ай сайын 13 миң сомдун тегерегиндеги каражатты төлөп, аны 13 жылда бүтүшөт экен. Кыргызча айтканда, медиктер менен мугалимдер токолдун балдарыбызбы? Эмне үчүн бизге мындай мамиле кылышат? Жок дегенде башкы төлөмүнө өкмөт жардам берсе, калганын өзү төгүп алмак. Ошол эле укук коргоо органдарында 10 жыл иштеп-иштебегендерге бекер там берип жатат.

Сыйлык жана сыймык

- Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, «Саламаттыкты сактоонун отличниги» наамын алып, Нарын шаарынын ардактуу атуулу болгом. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлангам. 2014-жылы Нарын облусу боюнча «Жылдын мыкты дарыгери» наамына ээ болуп, 2015-жылы «Теңир-Тоо» облустук коомдук-саясий гезити тарабынан жылдын мыкты дарыгери деп табылгам. 2012-жылы Нарын облусу боюнча бөлүмдөр арасында сынакта «Мыкты бөлүм» деген наам алганбыз.

Үй-бүлө

- Бир кыз жана Бир уулум бар. Уулум дагы, кызым дагы менин жолумду жолдойбуз дешти. Боюмдун узундугунанбы бала кезимен волейболду көп ойночумун. Мугалимдердин командасына кошулуп, айылдын атынан мелдештерге катышчу элек. Армиядан дагы ойноп жүрдүм. Облустук оорукананын волейбол командасы бар, ал жакта да ойнойм. Өткөндө 40 жаштан жогоркулар арасында мелдеш болуп, «Мыкты чабуулчу» наамына ээ болдум. Атам комузчу эле. Бир аз күү чертип калам. Бирок сахнага чыкпайм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×