Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2018 23:59

Бала тили — бал: Чоңойгондо доктуй болом, - 5 жаштагы Нурчик (видео, сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 5 жаштагы Нурчик Каныбек уулу болмокчу.

«Кыздарды сүйгүм келбейт. Бирок сулуу кыздарды жакшы көрөм. Алар жакшы болот. Чоңойгондо доктуй болом. Анткени кыздай төйөйт, ичин кесип баланы алам. Кыздарды төрөтөм. Ырчылардан Нурлан Насипти тааныйм, анын эгизи менен сүйгөнү бар го ошолор жагат. Каникулда тоодон уйга музоону салып берип, кой кайтайып жүйбөдүмбү. Апам кыз төйөдү, атын Айбийке койду. Күйөөсү, апамдын кайын энеси келип, баарыбыз конок тосконбуз да», - деди ал.

Нурчик аталган шаардагы «Чебурашка» балдар бакчасына барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×