Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2018 10:28

Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Бирге окуйбуз»  иш-чарасы уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн «Бирге окуйбуз» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бирикменин жетекчиси Шарапат Актанова билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен алардын ата-энелери катышты. Ата-энелерге балдарга үйүндө кантип билим берүү керектигин үйрөнүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жомоктор окулуп, балдар сүрөт тартып, кийизден жана кагаздан ар түрдүү буюмдарды жасоону үйрөнүштү.

«Биздин уюм 2002-жылы уюшулган. Ошондон бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Бүгүн “Бирге окуйбуз” иш-чарасын уюштурдук. Башка балдар сыяктуу эле биздин балдар дагы билимин жогорулатуусу керек деген максатта иш-чараны ишке ашырдык», - деди ал.

Аталган уюмда жалпы 103 бала каттоодо турса, алардын 30 пайызы билим алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×