Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2018 12:16 На русском

«Таза Нарын» ишканасы шаарды гүлдөтүп, көрктөндүрүү, кооздоо иштерин тынымсыз улантат (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусунун борбору болгон Нарын шаарынын аймагын тазалоо, жашоочулар менен меймандарга жагымдуу маанай түзүү максатындагы иштерди «Таза Нарын» ишканасынын жамааты мойнуна алган. Учурда бул муниципалдык ишкананын карамагына 7 парк, 9 сквер жана 1 питомник кирип, жашыл массивдерди кошкондо жалпы аянты 170 гектарды түзөт.

Аталган мекемеде жалпысынан 141 кызматкер эмгектенип, элге кызмат көрсөтсө, 23 техникасы бар. Ал эми шаардын ичинде 225 аймакта 280ден ашуун контейнерлер коюлган. Шаар ичиндеги таштандыларды 8 каттам менен тазалап, күнүнө болжолдуу 150 куб таштандыны чогултушат. Топтолгон таштандылар Карга-Жайлоо полигонуна төгүлүп, ал жердеги таштанды жумасына 2-3 жолу бульдозер менен түртүлүп турат. Ал эми кар жааган күндөрү жолдор кайрадан тазаланып, маалы менен тиешелүү каражаттар себилип турат.

Шаарды жарыктандыруу максатында 2018-жылдын 9 айында көчөлөрдүн эки тарабына жалпы 293 даана жаңы заманбап фонарь коюлду. Ал эми алардын эскилери шаардыктардын сунушунун негизинде ички көчөлөргө орнотулган. Учурда шаар аймагында жалпы 1463 фонарь жарык берет.

Таза- Нарын (1)

Нарын шаары

Таза- Нарын (12)

Ошондой эле шаар ичиндеги мектеп, бала бакча жана орто окуу жайлар менен университеттердин имараттарынын аймагына жалпысынан 70 жол белгиси орнотулуп, 142,85 кв метр жол чийиндери чийилди.

Таза-Нарын (3)

Таза-Нарын (4)

2018-жылдын март жана апрель айларында шаар ичин жашылдандыруу максатында парктарга, скверлерге жана жол жээктерине 12 түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү жана ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү отургузулган. Жалпысынан 24 миң 251 түп көчөт отургузулду.

Таза-Нарын (5)
Ушул эле жылдын май айында Нарын шаарын кɵрктөндүрүү максатында «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан кɵчɵлɵрдүн кесилиштерине жана борбордук аянтка гүл ɵстүрүлгɵн челектер коюлду. Жалпы 26 миң 396 түп гүл отургузулуп, анын ичинен 5 миңи атайын Ош шаарынан алынып келген. Алар үчүн атайын гүл такталары жасалып, челектерге отургузулду.

Шаардын аймагын жашылдандыруу жана жашыл массивдерди көбөйтүү максатында газон жасоо пландалган. Жалпы 4800 чачы метр аянтка 220 кг урук себилип, Городок аймагындагы спорт аянтынын алдына жана парк, скверлерге себүү иштери жүргүзүлдү.

Таза-Нарын (17)
Нарын шаарына 150 жыл

Мааракедеги жүрүш:

21-сентябрда Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата Городок аймагындагы «Жаштар» сейил багынын курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Сейил бакка балдар аянтчасы да курулуп, отургучтар жана түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулуп, эс алуу үчүн ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондой эле интернет байланышы да бар. Сейил бак жалпысынан 1 млн 200 миӊ сомго реконструкцияланды.

Өткɵн жылы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 1 млн сомго «Жаштар» сейил багынын биринчи бɵлүгү пайдаланууга берилген болчу.

Ошондой эле бул жылы «Таза-Нарын» ишканасынын жамааты шаардагы каналга курулган көпүрөнү жаңыртышты. Буга чейин жашоочулар бул көпүрөнү оңдоодон өткөрүүнү суранып келишкен.

Нарын Нарын

Нарын

Кызматкерлердин жетишкендиктери

Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасында 2017-2018-жылдары жалпы 25ге жакын кызматкер ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышкан. Алардын ичинен 17 кызматкер 2017-жылы эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата ишкананын акчалай сыйлыгына жана ардак грамоталарга татыды.

IMG-20181004-WA0066

IMG-20181004-WA0065

Ошондой эле Нооруз майрамына жана 18-март — Тиричилик коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бүбүбатма Кудайбердиева облустун ардак грамотасы менен сыйланса, Нарын шаардык мэриясынын ардак грамоталары менен Чыныбек Алжанбаев, Жолдубай Дондошев, Бейшенбек Темиров, мэриянын акчалай сыйлыгы менен Канат Төлөнгутов, Бактыбек Орозобеков, Талант Жумабек уулу сыйланышкан. Мындан сырткары ишкананын кызматкерлери спорттук иш-чараларга, мелдештерге дагы активдүү катышып, көптөгөн сыйлыктарга татып келишет.

Ал эми Жаңы 2017-2018-жылды тосууда 7 облуста орнотулган жаңы жылдык балатылардын арасынан Нарын шаарындагы борбордук аянтка тигилген балаты «Мыкты тирүү балаты» деп табылган. Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан «Жаңы жылдык жасалгалоо 2017» сынагы уюштурулуп, жыйынтыгында «Таза Нарын» ишканасы 1-даражадагы диплом менен сыйланышкан.

Ал эми 2017-жылдагы жигердүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен «Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов «Кыргыз Туусу» гезити тарабынан «Мыкты жетекчи» наамы менен сыйланган.

Таза-Нарын (32)

Таза-Нарын (33)

2,5 млн сомдук жаңы техника

Бул жылы Нарын шаарынын «Таза Нарын» ишканасына 2 даана «КамАЗ» унаасы жана оор жүк жүктөөчү 1 техника алынды. Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн 464 миң сом бөлүнгөн. Ишкана буга чейин 23 техниканы пайдаланып келсе, жаңы 3 унаа ишти дагы бир топ жеңилдетет.

Нарын шаарында көчө жээгиндеги чирип калган жана электр зымдарына тоскоолдук кылган бактарды, ашыкча өскөн бутактарды кыркуу жана тазалоо иштери жүрүп турат.

Нарын (1)

Нарын (2)

Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Таза Нарын» ишканасы Ленин көчөсүндөгү аз камсыз үй-бүлөлөр жашаган көп кабаттуу үйдүн сыртын актап, тосмо орнотуп, даараткана куруп беришти.

Нарын (3)

Нарын (4)

«Таза Нарын» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сурановдун айтымында, кызматкерлерге да жакшы шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп жатат.

«Ошондой эле кызматкерлерибиздин эмгегин жакшы баалап, айлык акысын жогорулатуу боюнча иштеп жатабыз. Мындан сыткары учурда кызматкерлерибизге атайын шарттар түзүлүп, жуунучу мончо салынып, кийимдерин салуучу атайын өздүк шкафтар берилген. Дагы кошумчалай кетсек, унааларды керектүү учурда тоскоолдуксуз айдап кетүү үчүн жылууланган автоунаа токтотуучу 6 жай жасалган.

Нарын (6) Нарын (1)

Нарын (2)

Нарын (5)

Нарын (6)

Нарын (7)

Нарын (8)

Нарын (9)

«Нарын шаарында таштандыларды кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул демилге ишке ашса шаарыбыздын тазалыгы жакшырып, эл дагы бул таштанды маселесине кайдыгер болбой калат», - деп кошумчалады жетекчи.

Нарын (10)

Нарын (11)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×