Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2018 15:10

Бала тили — бал: Кыргызстан деген биз. Биз деген адамдар, - 4 жаштагы Элиза (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 4 жаштагы Элиза Замир кызы.

«Мен чоңойгондо концерт болгум келет. Себеби бийлейм. Үйдөн повар болуп тамак жасагым келет. Алия жеңем лялка төрөгөн, лялканын чачын алып салганбыз. Бирок анын чачы меникиндей болуп өсөт. Лялка деген кичинекей бала. Аны төрөгөндө ич жарылып кетет.

Гүлдөрдү суу куйганда өсөт. Акча деген ремонт. Үйдү ремонттоп баштайбыз да кайра. Менин жиним келгенде баарын урушуп, оюнчукту алып туруп тентек кылгандарды чабам. Туулган күнүм болбосо деле торт жеп, арбуздун согун чыгарып туруп ичким келет. Музыканы катуу кылганда башым ооруп, кулагымды жабып салам. Музыка акырын болгондо жагат. Кыргызстан деген биз. Алар адамдар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×