Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2018 11:55 На русском

Нарында кылмыш иликтөөчү милиция кызматкерлерине арналып тасма тартылды (видео)

Turmush -  Нарын шаарында кылмыш иштерин тергөө иштери менен алектенген милиция кызматкерлерине арналып тасма тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү киностудия менен биргеликте «Коштошуу» аталышындагы тасма тартышты. Тасмада кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү жумушу баяндалган.

Быйыл 2018-жылы 5-октябрь күнү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×