Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2018 11:44

Айыл турмушу: Жылдыз Абдиева майыптыгына карабай кыздарын тарбиялап, кол өнөрчүлүк менен алектенет (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 31 жаштагы тургуну Жылдыз Абдиева 3-топтогу майып болгонуна карабай кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жылдыз Абдиева 1987-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 2 жашка чыкканда менингит оорусу менен жабыркап, укпай калып жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 7 жашында Бишкек шаарындагы дудук жана дүлөйлөр мектебинде 7-класска чейин окуган. Аны апасы багып чоңойтту.

18 жашында ат-башылык жигитке турмушка чыгып, 2 кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашкан. Учурда Нарын шаарында өзүнүн үйү бар.

Ж.Абдиеванын 60 жаштагы апасы Шайыр Чулчуева кызы өзүн тартып, кол өнөрчү болгонуна сыймыктанат.

«Кызымдын кыздары жакшы окушат. Апасы алардын жетишкендиктерине көбүрөөк көңүл буруп, жакшы окуусуна себепкер болуп келет. Бир кызы мектепке, экинчиси бала бакчага барат. Мурда өзүм тигүү цехинде иштечүмүн. Бардык кыздарым мени тартып, иштүү болуп чыгышты. Жылдыз да үйдө бош отурбай, тигүүчүлүк менен алек. Кызым эмгекчил, эл менен көп сүйлөшпөйт. Оюн колу менен жаңсап түшүндүрөт», - деди ал.

Шайыр Чулчуева кабарчынын берген суроолоруна кызынан жооп алып берип жатты.

«Кыздарымды багышым керек. Алардын жакшы окуусуна жана жакшы тарбия алышына болгон аракетимди жасайм. Үйдө отуруп алып кыздарыма, сиңди-эжелериме, апама арнап тор кийим, баштыктарды, байпак, сырткы кийим, көйнөк тигип берем. Телефондон видео аркылуу эжем, досторум менен сүйлөшөм. Учурда тигүүчүлүк курсун окуп келип, аны өздөштүрүүдөмүн», - деди Ж.Абдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×