Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2018 10:23 Жаңыланды: 03.10.2018 10:42 На русском

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга сунушталган Нарындын судьясы А.Жоробекова кызматтан бошоду

Turmush -  Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова кызматынан бошотулду. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Буга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы Айнагүл Жоробекованы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук бергени негиз болгон.

Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын отуруму 2018-жылдын 7-сентябрында өттү. Анда айтылган маалымат боюнча, судья А.Жоробекова кылмыш иш козголбогонуна карабастан кызматтык милдеттеринен ашуу чабуу менен акыйкатсыз өкүм чыгарган. Муну менен ал жабырлануучу тараптын 4 мыйзамдуу өкүлүнө 10 миң сомдон айып салган.

Тартип комиссиясынын отурумуна чейинки сот отурумунда прокурордун сөзүн жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлдөрү бөлгөн. Аларга судья эскертүү бергенде сот залынан чыгып кетишкен. Муну судьяны сыйлабастык деп эсептеген А.Жоробекова аларга айып салган.

Комиссия мүчөлөрү жыйында толук маалымат уккандан кийин А.Жоробекованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга жана судьялык кызматтан убактылуу бошотууну президентке сунуштоого макулдук беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×