Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2018 08:54

Т.Өскөнбаев Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Өскөнбаев Турумбек Сагынович Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Ал 1960-жылы 23-майда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 5 баланы атасы.

Жогорку билимдүү, эки кесиптин ээси. Т.Өскөнбаев К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунда ветеринар, ал эми К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде токой чарба инженери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу

- 1985-1987-жылдары Ак-Суу токой чарбасында ветеринар;

- 1987-1992-жылдары Ак-суу токой чарбасында башкы ветеринар;

- 1992-1994-жылдары Түп райондук айыл чарба башкармасынын жетекчиси;

- 1994-жылдан 2018-жылга чейин Ысык-Көл облустук айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эмгек өтөгөн;

- 2010-2018-жылдары Ысык-Көл аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын башчысы.

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын президентинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Ысык-Көл облустук администрациясынын ардак грамоталары, Ысык-Көл районунун, облусунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси. Айлана-чөйрөнү коргоо жана Мамэкотехинспекциясынын мыкты кызматкери аталып, юбилейлик төш белгилер менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна «Эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамынын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.