Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 07.10.2018 13:29 На русском

«Тишин жулуп каза болгондор көп»: 38 жаштагы Дөөлат Улуу Памирде тишти кантип дарылашарын айтып берди

Turmush -  Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памиринде жашаган эл ооруган тиштерин өздөрү эле жулуп, жок кылышат. Учурда Нарын шаарында жашап жаткан улуу памирлик Дөөлат Токтаакун кызынын айтымында, тиш ооруган маалда сууга кайнатылган пахтаны колдонушат.

Дөөлат Токтаакун кызы 38 жашта. Тиштери түшүп отуруп, учурда 12 тиши калган.

«Бул жерге келгенибизге 1 жыл 1 ай болуп калды. Улуу Памирден 3 үй-бүлө бирге келгенбиз, алар тажап кетип калышты. 1 үй-бүлө калдык.

Биз жакта тиш дарыгери жок. Тишибиз ооруса, сууга кайнатылган пахтаны тартабыз. Аны "шорпахта" дейбиз. Көп адам аябай чыдатпай ооруткан тишин жулуп таштайт. Азыр менин 12 гана тишим калды. Калганын жулдурттум. Тишин жулуп салып каза болгондор көп эле болот. Ошондой эле бул жерде аялдар дарыгер жок болгондуктан бирин-бири төрөтүшөт. Анын кесепетинен баланын өлүмү да көп кездешет. Мен 3 баламдан айрылдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×