Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 07.10.2018 15:29 На русском

Нарындык жигитти ээрчип, Россиядан Теңир-Тоого келген Алена Байсеркееванын кыргыз менен жуурулушкан жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Кыргызча туура, так, таза сүйлөгөн Нарын шаарындагы «Чебурашка» балдар бакчасынын тарбиячысы Алена Байсеркеева быйыл 51 жашта. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алена Байсеркеева 1967-жылы Россиянын Новосибирск шаарында төрөлгөн. Апасы 74 жашта, 5 кыз бир тууганы бар. Аталган шаарда педагогикалык институтту аяктап, ушул жерде 3 жыл балдар бакчасынын башчысы болуп иштеген. Кийин нарындык жигит менен таанышып, ага турмушка чыккан. 2 балалуу болгондон кийин жолдошу менен Нарынга келген. Нарындан дагы бир балалуу болушуп, жалпы 3 баланын ата-энеси болушту. Нарын шаарындагы «Чебурашка» балдар бакчасына мындан 23 жыл мурда тарбиячы болуп кирип, бүгүнкү күнгө чейин кесибин сүйүп иштеп келет.

«Нарынга эмне болуп келип калдың деп көп адамдар сурашат. Жолдошум нарындык. Ал бул жерге келүүнү каалачу. Анын тилин угуп, чогуу келдик. Экөөбүз чогуу окуучубуз. Ошол жактан үйлөнүп, 2 баланы Россиядан, үчүнчү баламды бул жактан төрөдүм.

Нарынга 1992-жылы келдик. Кайын ата, кайын энем жакшы кабыл алышты. Кыргызча билчү эмесмин. Башында кыйналдым. Кайын энем жумшаса түшүнбөй калчумун. Бул тилди өмүрү үйрөнбөйм го деп ойлочумун, бирок акыры үйрөндүм», - деди ал.

Алена Байсеркеева кыргыздын кадаа-салты менен жашап, уулдары намаз окуу үчүн мечитке барып турушат.

«Өзүм мусулманмын, уулдарым жума күнү намазга барышат. Кыргыздын каада-салттарын колдоном. Куда күтүп, учурда 3 неберелүү болдум. Аларга кадимкидей эле бешик, тушоо кесүү той өткөргөнбүз. 2 келиним бар аларды өзүм төрөтүп, тыңыткам. Үй-бүлөбүз менен кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Мени көбү кыргызча билбейт деп ойлошот. Таксиге түшкөндө кыргызча жооп берсем таң калышат. Бош убактымда ырдайм, бийлейм, сүрөттү жакшы тартам.

1995-жылы “Чебурашка” балдар бакчасына кирдим. Ошондон бери ушул эле жерде иштейм. Баланы жакшы тарбиялоо үчүн, биринчиден аны сүйүп өз балаңдай караш керек. Буга чейин бир бүтүрүүчүлөрдү узаттык, акыркы сөз айтайын деп ыйлагым келди. Бүт балдар чуркап келип кучактап, чогуу ыйладык. Башкалар таң калышты. Нарындан башка жакка кетким келбейт. Себеби, биздин шаар, тынч, таза», - деди ал.

Учурда 3 уулу, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×