Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында Ооган согушунда курман болгондордун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш башталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгарылышынын 29 жылдыгына арналган чоңдор арасында волейбол боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдештин ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда чыгып сүйлөгөндөр аскерлердин эрдиктерин белгилешип, курман болгондорду эскерүү менен куран окулду.

Мелдешке облус аймагынан 22 команда катышып жатат. Алар 4 тайпага бөлүнүшүп, алгачкы беттешүүлөрүн башташты. Тайпанын жеңүүчүлөрү жарым финалдык оюн көрсөтүшүп, баш байге үчүн финалдык беттешүү өткөрүшөт. Салтка айланып калган мелдеш ушуну менен жыйырманчы жолу өтүп жатат. Мелдешти Нарын шаардык мэриясы менен Ооган согушунун ардагерлеринин облустук кеңеши биргелешип уюштурган. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Учурда Нарын шаарында Ооган согушунун 45 ардагери жашайт.

1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Тогуз жылга созулган согушта 14 миң советтик жоокер курман болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 854
Көп окулду
×