Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 12.02.2018 17:46

Нарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Нарын шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам катары акысыз көмүр таркатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык мэриядан билдиришти.

Нарын шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Мурат Төлөгөновдун айтымында, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы 21 тонна көмүр түшүрүп берип, башкармалыктын каттоосундагы жардамга муктаж 42 үй-бүлөгө 500 килограммдан таратылды.

Көмүр алгандардын арасында памирлик боордошубуз Абдулбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсү да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×