Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 10.02.2018 10:02

Ата-энеси нике кыйдырууга көндүргөн: 14 жаштагы кызды зордуктаган киши 16 жылга кесилген, - мэрия

Turmush -  Нарында 14 жаштагы кызды зордуктаган деген эркек киши 16 жылга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаардык мэриянын башкы адиси Элнура Асангазы кызынын маалыматына караганда, 14 жаштагы кыздын кош бойлуу болуп калгандыгы тууралуу факт 2016-жылы катталып, кылмыш иши козголгон. Нарын облустук соттун ɵкүмү менен өспүрүм кызга сексуалдык зомбулук кɵрсɵткɵн адам 16 жылга эркинен ажыратылып, учурда анын жаза мɵɵнɵтү абакта ɵтүүдɵ.

Буга чейин Нарын облусунда өткөн жылы 14 жаштагы кыз сексуалдык зомбулукка кабылганын кечээ, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирген.

Анын айтымында, сексуалдык зомбулуктун кесепетинен кыз кош бойлуу болгон. «Кыздын ата-энеси жоопкерчиликтен качуу үчүн аны зордуктаган адам менен нике кыйдырууга көндүрүшкөн. Алар кызды нике сүйүү жана макулдук менен болгонун айтууга көндүргөн. Үй-бүлө элдин абдан аярлуу катмарынан экен. Ал эми өспүрүм кыз ден соолугунан жабыркайт», - деди ал.

Сүрөттө Назгүл Турдубекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×