Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында 1,2 млн сомдук үйдү белекке алган памирлик Абдыбаиттин үй-бүлөсүнүн жашоосу (видео, фото)

Turmush -  2017-жылдын 13-октябрында Кыргызстанга Ооганстан мамлекетинен үй-бүлөсү менен келген Абдилбаит Жээнбек уулунун жашоосу Нарын шаарында кандай өтүп жатат? Андан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабар алды.

2017-жылдын 8-ноябрь күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үйдү эмеректери менен чогуу белекке берген болчу. Ага чейин А.Жээнбек уулу Кыргызстанда 21-октябрда төрөлгөн уулуна Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарган эле. Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Абдилбаит Жээнбек уулунун айтымында, учурда анын үйүндө эки үй-бүлө, тактап айтканда өзүнүн жана Памирден чогуу келген кудасы Нурулхак Абубакир уулунун үй-бүлөсү жашап жатат.

«Азыр үйдө жалпы 14 киши жашап жатабыз. Кудам Нурулхак үй-бүлөсү менен бирге биздин үйдө жашап жатышат. Күйөө балам менен кызым кесиптик билим берүү лицейинде окуп, ошол жерде жашап жатышат. Эс алуу күндөрү биздин үйгө келишет. Калган балдарым мектепке барып окуп жатышат, алгач аларды окууга жеткирип турсам, азыр өздөрү барып калышты. Бир балам бала бакчага барып жатты эле, азыр үйдө өзүбүздүн колубузда. Өткөн жылы төрөлгөн кичүү уулум Алмазбек 4 жарым айга чукулдап калды, ал дагы буюрса жакшы чоңоюп келе жатат», - деди ал.

Абдилбаит Жээнбек уулу үйдө бош отургандыктан мал багууну көздөп жаткандыгын билдирди.

«Азыр үйдө элемин, эшикке чыгам, короо тазалайм. Нарынга кар аз жаайт экен. Памирде көп жаап, шамал болуп турат. Тамды жаңы сатып бергенде көмүрү менен кошо даярдап беришти эле. Азыр көмүр түгөнүп, мүшөктөп сатып алып жатабыз. Үй тиричилигине ылайыктуу мал баксам жакшы болмок, бирок азыр кыш болгондуктан тоютту жайында арзан учурда топтош керек. Үй бардык талапка жооп берет, корообуз кенен экен. Мал бакканга ыңгайлуу», - деди А.Жээнбек уулу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

03.01.2018Тогуз-торолуктар Нарындагы памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттукташты
27.12.2017Жети-Өгүздүн эли Нарындагы памирлик кыргыздарга акчалай жардам беришти (фото)
26.12.2017Памирлик кыргыздардын балдары президенттик балаты майрамына катышат
23.12.2017Тогуз-торолуктар памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттуктады (видео, фото)
15.12.2017Нарын районунун жергиликтүү бийлиги памирлик кыргыздарга 120 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү (фото)
07.12.2017Фото — Тоң районунун делегациясы памирлик кыргыздардан кабар алып, жардам көрсөтүштү
23.11.2017Памирлик кыргыздар Нарындагы музейде болушту (фото)
22.11.2017Нарындын дин кызматкерлери памирлик кыргыздар менен жолугушту (фото)
21.11.2017Фоторепортаж - Памирлик кыргыздар Ак-Талаа району менен таанышты
20.11.2017Памирлик кыргыздар Нарындын райондоруна жайгаштырылат (видео)
17.11.2017Фото - Нарында памирлик кыргыздар биринчи жолу эмдөөдөн өтүштү
15.11.2017Памирлик кыргыздар нарындык өнөрпоздор менен кара жорго бийине түшүштү (фото)
10.11.2017Теректиктер памирлик кыргыздарды өрүлүктөп, бала көрүп барышты (фото)
02.11.2017Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (фото)
31.10.2017Нарында памирлик кыргыздарга сый көрсөтүлдү (фото)
25.10.2017Памирлик кыргыздар Куланактагы кесиптик лицейге жайгашты (видео, фото)
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11090
×