Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарында 17 жаштагы кыз экинчи баласын төрөдү, ал балдар үйүндө тарбияланган

Turmush -  Нарын шаарында 17 жаштагы кыз экинчи жолу көз жарды. Ал Чүй облусунда жайгашкан балдар үйүндө тарбияланган. Бул маалыматты бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун адиси Рима Султанова билдирди.

Анын айтымында, ал кыз жашап жаткан үй-бүлө менен жолугушкан. Ошол учурда өспүрүм кош бойлуу болчу.

«9-класста окуп жаткан кыз 28 жаштагы жигит менен жолугушуп жүргөн. Ал диндеги шарттарды айтуу менен эгерде каршы болбосо ага турмушка чыгууну сунуштаган. Балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыз үй-бүлөнү кыялдангандыктан анын сунушуна макул болгон.
Ал кыз ислам динин кабыл алганын, аны үйдөн бошотпой, баласын эмдетүүгө каршы болуп жатышканын айтты. Ага социалдык түйүн аркылуу байланышууга да тыюу салышкан. Өспүрүм кыз мүмкүн ушул аялдык бакыт деген пикирде», - деди Р.Султанова.

Адистердин айтымында, жолугушуудан бир нече күн өткөндөн кийин өспүрүм кыз кат жазып, күйөөсү сабаганын айтып жардам сураган.

«Ага кош бойлуу кезинде физикалык күч колдонулуп жатат. Анын Бишкекте жашаган эжесинин айтымында, биринчи баласы боюнда бар учурда бөлмөдө кийимдерин алмаштырып жатканда денесинен тактарды байкаган. Аны күйөөсү шланг менен сабаган, анда ал 15-16 жашта болчу», - деди Р.Султанова.

Анын айтымында, өспүрүм кыз кош бойлуу катары каттоого да алынган эмес. Ал социалдык кызматкерлерден бул окуяны катуу көзөмөлгө алууну суранды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3335
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×