Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 09.02.2018 07:58

Нарын шаарында 2 миңден ашык жаран үй курууга жер алуу үчүн кезекте турат

Turmush -  Нарын шаарында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга 2 миңден ашык жаран кезекте турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-февраль күнү Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров шаардагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, бирдиктүү система менен иш алып баруу боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине күчөтүлгөн тапшырмаларды берди.

2017-жылы шаарда 40тан ашык жаранга кезек менен жер тилкелери берилген. Учурда Нарын шаарында турак жай курууга жер аянтын алуу үчүн 2 миңден ашык жаран кезекте турат. Ошондой эле, муниципалдык менчикти инвентаризациялоо иши аяктаса, шаардын менчигиндеги жер тилкелери аныкталып, кезектеги жарандарга бериле турганын мэриядан билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×