Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 09.02.2018 01:28

Нарындагы базарда өрт өчүрүүчүлөр машыгуудан өтүштү (фото)

Turmush -  ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгы тарабынан өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ири машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга башкармалыктын башчысынын орун басары Чолпонбек Боскунчиев билдирди.

Маалым болгондой, сценарий боюнча түшкү саат 12:00дө өрт чыкты деген кабар келгенден көп узабай өрт өчүрүүчүлөр «Кадыр-Ата» базарына жетип келишти. Тилсиз жоону аз убакыт ичинде өчүрүүгө жетишип, кырсыктын электр тогун этиятсыз колдонуудан келип чыкканын аныкташты.

Машыгуудан кийин өрт өчүрүүчүлөр түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өрт гидранттардын абалын карап чыгышмай болушту. «Чолпон» базарынын алдындагы өрт катталган учурда суу алуучу чуңкурдун дал үстүнө унаа токтогон. Тезинен унаанын айдоочусун табуу керек болду. Куткаруучуларга унааны алганы менен суу чыгаруу дагы бир тоскоолдук болду. 10 мүнөттөн ашык алышкан кызматкерлер чоргодон суу чыгара алышкан жок. Мындан улам жакын жердеги башка гидрантка жөнөштү. Суу ал жерден дагы тез эле чыга койгон жок. Суу алуучу жердин оозу тонуп калган болчу. Ал аз келгенсип тар жолдордо 4 тонна суу көтөргөн өрт өчүрүүчү унааны базардын ичине киргизүү да өзүнчө чоң көйгөй болду.

Машыгуудан өткөн адистер мындай окуулар ар бир ай сайын өтүп, элге түшүндүрүү иштери көп жүргүзүлүп турарын белгилешти.

Ал эми Нарын региондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөл инспекцясынын башчысы Гүлсада Ибраимова учурда базардагы абал өтө эле кооптуу экенин айтты.

«Атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен мыйзам бузуу фактылары катталып келет. Бул жерде 6 ири соодо түйүн бар. Ишкерлер өз күнөөлөрүн моюндашып, кырсыкты алдын алууга кызыкдарбыз дешип, эми менчик укуктарын тактап жатышат. Бирок облус боюнча 163 өрт өчүрүү гидранттар бар болсо, мунун ичинен 53 гидрант иштебейт. Бул боюнча бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, оңдотуп, санын көбөйтүп берүү маселесин коюп жатабыз», - деди Ибраимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×