Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна 2,5 млн сомдук жабдыктар келди (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна 2 млн 500 миң сомдук жаңы жабдыктар алынып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун химико-токсикология бөлүмүнүн башчысы Токтобек Муңайтбасов билдирди.

Анын айтымында, Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору толук оңдоодон өткөрүлүп, жаңы жабдыктар алынып келүүдө.

«Азыркы талаптарга ылайык этти экспорттоо жагында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биздин лабораторияга жаңы аппараттар келип жатат. Буга чейин биз базарда сатылган этти байкоо үчүн андагы антибиотиктин бар-жогун билип, эттин сапатын аныктай алчубуз. Бүгүнкү күндө ИФА (иммуноферменттик анализ) аппараты алынып келди. Бул аппараттын жардамы менен эттин курамында антибиотиктин бар-жогун билип албастан, жалпы 23 антибиотикти жана алардын көлөмүн биле алабыз. Бул аппараттын баасы 2 млн 500 миң сом. Мындан сырткары реагенттер аппаратын алып келүү планы бар, алардын баасы мындан дагы кымбат.

Алынып келе турган аппараттардын жалпы суммасы 10 млн сомго чукулдап, апрель айынын башы менен келип баштайт», - деди Токтобек Муңайтбасов.

Тема боюнча: Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун имараты 7,5 млн сомго оңдолду (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×