Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Футзал боюнча Нарын шаарынын чемпионаты башталды (видео, фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Намыс» ден соолук борборунун спорт залында 35 жашка чейинки эркектер арасында футзал боюнча Нарын шаарынын кезектеги 13- чемпионаты башталды. Бул тууралуу башкы калыс Элзар Мусаев билдирди.

Анын айтымында, мелдештин максаты жаштарды сергек жашоого үндөө, мекенчилдикке тарбиялоо, ошондой эле күчтүү команда түзүү менен республикалык чемпионатка катышуу болуп саналат. Учурда мекеме-ишканаларда иштеген 35 жашка чейинки эркектерден түзүлгөн 17 курама ат салышууда. Алар премьер-дивизион жана 1-дивизион болуп эки тайпада ойношуп, чемпиондук үчүн бири-бири менен күч сынашат. Мелдеш март айына чейин созулуп, ар бир аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү беттешүүлөр өткөрүлүп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1228
Көп окулду
×