Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 2-туру аяктады (фото, видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы спорт ордосунда хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 2-туру аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эки күнгө созулган тайпалар арасындагы мелдеш курч мүнөздө өтүп, спортчулар жакшы даярдыкта келгендигин көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында 1-тайпадан Нарын шаарынын «Ала-Тоо», Чолпон-Ата шаарынын «Чолпон-Ата» командалары, 2-тайпадан Бишкек шаарынын «Кыргыз темир жолу», Нарын районунун Кеңеш айылынын «Учкучтар» командалары жарым финалдык оюнга жолдомо алышты.

Кыргызстандын чемпионатынын жарым финалдык оюну март айында Бишкек шаарында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 394
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×