Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун имараты 7,5 млн сомго оңдолду (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун имараты 7,5 млн сомго оңдоодон өткөрүлүп, аккредитациялоонун алдында турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган борбордун башчысы Ишенбек Алманбетов билдирди.

Анын айтымында, Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору Нарын облусунун бардык райондорун камтыйт.

«Биздин борбордо бактериология, паразитология, серология, радиология, аскорил жана жаңы ачылган тамак-аш коопсуздугун камсыз кылган химико-токсикология бөлүмдөрү иш алып барат. Биздин борбор оңдоо ишеринен өткөрүлдү, ага жалпысынан 7 жарым млн сом каражат бөлүнүп берилген. Эми жаңы лабораториялык жабдуулар четинен алынып баштады. Кийинки этаптагы план борборго жабдууларды толук түрдө алып келип, кызматкерлерибизди окутуу болууда. Буюрса жакын арада Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына жооп берген сертификаттарды берүү үчүн аккредитациялоо иштеринин алдында турабыз», - деди Ишенбек Алманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×