Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарында «Ардактуу атуул» наамынын ээлерине сертификаттар тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин сессиясынын токтому менен Бурулкан Төлөгөнова менен Роза Жумабаевага шаардын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, шаардык кеңештин кезектеги отурумунда аталган наамдын ээлерине төрага Жыргалбек Ботоканов сертификат тапшырып, аларды жылуу куттуктады.

Бурулкан Төлөгөнова 26 жыл медайым болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Андан кийин кол өнөрчүлүк менен эмгектенгендерди чогултуп жамаат түзүп, 50 аялды жумуш орду менен камсыз кылган. Долбоор аркылуу шаарга 25 миң доллар инвестиция алып келди. Ошондой эле, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «Боз үй жасалгасы» сынагында баш байгени жеңип алган. Учурда Италияда, Германияда өткөн көргөзмөлөргө катышып, кыргыздын улуттук буюмдарын дүйнөгө таанытып келет.

Роза Жумабаева 20 жыл Нарын шаарындагы №15 бала бакчанын жетекчиси болуп эмгектенген. Ал иштеген жылдары бала бакчада 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарга ыйман, 4 жаштан 7 жашка чейинки балдарга англис тили сабагынын окутулушу боюнча программа түзүп чыккан. Музыка, дене тарбия сабактарын өтүүчү залды улуттук колоритте жасап, бала бакчанын базасында 7 жолу республикалык масштабда семинар өткөрдү жана ал иштеген жай «Автордук бала бакча» деген макам алган. Эл агартуунун отличниги, жогорку категориядагы мугалим Роза Жумабаева учурда ардактуу эс алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1725
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×