Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында жолбун иттерди атууга 218 миң сом бөлүндү

Turmush -  Нарын шаарында жолбун иттерди атууга жергиликтүү бюджеттен 218,4 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси Абдылда Ибраев билдирди.

Анын айтымында, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында өткөн жылы 216 миң сом бөлүнүп, 240 ит атылган. Быйылкы жылга каралган акча каражаты «Таза Нарын» муниципалдык ишканасына которулуп, алдын ала түзүлгөн иш-чаралардын негизинде жолбун иттерди атуу иштери башталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1034
Көп окулду
×