Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.02.2018 07:59

Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча жетекчиси болуп Г.Ибраимова дайындалды

Turmush -  Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын шаары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы болуп Ибраимова Гүлсада Идирисовна дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Гүлсада Ибраимова 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда төрөлгөн. 1991-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун инженер-куруучу адистигин аяктаган. Алгач эмгек жолун бухгалтер-кассир болуп иштөө менен баштап, кийин инженер, инспектор кызматтарын аркалаган. 2015-жылдан баштап ушул күнгө чейин экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгынын башчысы кызматында иштеп келген. 2018-жылдын 29-январынан баштап ротациялоо жолу менен Нарын облустук региондор аралык башкармалыгынын башчылык кызматына которулуп иштеп жатат.

Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ж.Турдукеев ушул эле башкармалыктын орун басарлык кызматына которулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×