Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.02.2018 17:39

Нарында өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусун алдын алуу маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусун алдын алуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага билим берүү жана социалдык тармактын адистери, укук коргоочулар, дин кызматкерлери, ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусун алдын алуу үчүн ата-энелерге, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты. Мындан тышкары, эгерде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруу учуру катталса кандай чара көрүлүп, кимдер көзөмөлдөп, кандай жардамдар көрсөтүлөрүн талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×