Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарында хоккей академиясы ачылат (фото)

Turmush -  Нарын шаарында канадалыктардын жардамы менен хоккей академиясы ачылат. Бул демилге Канаданын белгилүү хоккей агенти, көп өлкөлөрдө хоккейди өнүктүрүүгө салым кошкон Жон Макинтош мырза тарабынан колдоого алынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, академия ачуу боюнча Нарын шаарында 1-3-февраль күндөрү өткөрүлгөн Кыргызстандын хоккей боюнча чемпионатында сүйлөшүүлөр жүргөн. Чемпионатка Нарын хоккей лигасынын президенти Нурбек Ташболот уулу жана Нарын районунун Кеңеш айылындагы «Кеңеш учкучтары» командасынын негиздөөчүсү Зарылбек Абдыкаев тарабынан Жон Макинтош баштаган канадалык, украиналык, россиялык, казакстандык хоккейчилер чакырылган эле.

«Хоккей оюнунун эрежесине ылайык чет өлкөлүк 3 оюнчу жана 1 дарбазачы колдоо иретинде командалардын курамында ойносо болот. Бул жолу мейманга келген хоккейчилер оюнга катышкан 6 команданын ичинен "Кеңеш учкучтары" командасына колдоо көрсөтүп, натыйжада аталган команда өзүнүн атаандашы болгон "Локомотив" жана "Нур-Аке" командаларын 9:1, 9:1 эсебинде утуп алды. Жарым финалда "Чолпон-Ата" командасы менен беттешмей болду», - деп билдиришти мэриядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 376
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×