Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындагы жыйында акимдердин орун басарларына эскертүү берүү тапшырылды

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 1-февралда облустун 2017-жылдагы экономикалык-социалдык жыйынтыктары боюнча коллегиянын отуруму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, отурумга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, облустук коллегия мүчөлөрү, райондордун акимдери, орун басарлары, Нарын шаарынын мэри, анын орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жер аянттарын иштетүү, малды асылдандыруу, үрөн чарбасын жакшыртуу, аймактарды көмөкпулдан (дотация) чыгаруу, жергиликтүү салыктардын жыйымы, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көрсөткүчтөр жана башка маселелер каралып, тапшырмалардын аткарылышы боюнча акимдерге, орун басарларына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине катуу эскертүү менен тартиптик чара колдонуулар тапшырылды.

Вице-премьер-министр Ч.Султанбекова облустагы ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнө токтолду. Алдын алуу иштери акимдердин орун басарлары тарабынан солгун жүргөнүн сынга алып, адам өлүмүнө алып келип жаткан фактыларга кайдыгер караган кызматкерлерге тийиштүү чара көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, региондорду өнүктүрүү жылына карата жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө олуттуу укуктар берилерин маалымдады. Элге туура кызмат кылуу ар бир кызматкердин милдети экенин эскертип, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктаган «Жаңы доорго 40 кадам» программасы боюнча калк арасында агартуу иштерин кеңири жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Облус башчы А.Кайыпов акыркы эки жыл аралыгында этти, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды куруу иш аракеттери жүрүп жатканын баса белгиледи. Бирок, айыл чарба продукциясын эл аралык талаптарга ылайык чыгаруу үчүн ветклиникаларды куруу, малды асылдандыруу ишин колго алуу боюнча берилген тапшырмалар өз учурунда аткарылбай, райондук бийлик жана агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан иш өз деңгээлинде жүрбөй жатканын билдирди. Ошондой эле, акыркы жылдары билим берүү тармагынын көрсөткүчтөрү жогорулабай жатканын айтып, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын, мектеп директорлорун ротация жолу менен облустун башка аймактарына жиберүүнү тапшырды.

Жыйынтыгында маалыматтар талкууга алынып, коллегиянын токтому менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

1. Кочкор районунда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү пландык көрсөткүчүн аткарбагандыгы, кайра бөлүштүрүү фондусунун ижара акысынын жана жайыт акынын белгиленген планын толук чогултпагандыгы, ветклиникаларды куруу боюнча тапшырма талаптагыдай аткарылбагандыгы, дотациянын көлөмүн кыскартууга натыйжалуу чара көрүлбөгөндүгү үчүн Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Н.Эшмукамбет уулуна эскертүү тартиптик чарасы көрүлсүн.

2. Нарын шаарында билим берүүнүн көрсөткүчтөрү төмөн болушуна жол бергендиги, мугалимдер билимин жогорулатууга толук тартылбай жаткандыгына жана окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча аракеттерди көрбөгөндүгү, калктын саламаттыгын сактоодо эмдөөдөн баш тарткан адамдар менен түшүндүрүү иштери тиешелүү деңгээлде аткарылбаганы үчүн Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенамановага тиешелүү тартиптик чара көрүү жагы Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловго тапшырылсын.

3. 2015-жылдын 30-ноябрындагы саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин көчмө жыйынынын протоколдук тапшырмасын жана Жумгал районундагы кургак учукка каршы кабинет боюнча тапшырманы аткарбагындыгы үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарын Г.Исаковага эскертүү тартиптик чарасы көрүлсүн.

4. Кочкор районунда пайдаланылбай калган жер аянты көбөйгөндүгүнө жол бергендиги үчүн Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына тартиптик чара көрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына тапшырылсын.

Ал эми, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго да тапшырмалар берилди. Алар:

- Ат-Башы районунда ооруларды бейтапканада кабыл алууну кескин төмөндөп кетишине жол бергендиги, саламаттыкты сактоо тармагындагы көрсөткүчтөрдү төмөндөтүп жибергендиги, малчылардын саламаттыгын сактоодо ишти солгундатып жибергендиги үчүн Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Н.Алиевдин жана Ак-Талаа райондук медициналык борбору тарабынан жугуштуу оорулардын өсүшүнө жол берип, тиешелүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн Ак-Талаа райондук медициналык борбордун директору А.Капарованын кызмат абалын кароо;

- Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасы боюнча дарылоо иштеринде кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Ак-Талаа аймактык ооруканасынын башкы дарыгери О.Бектуровго тартиптик чара көрүү жагы кароо тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1107
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×