Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарында былтыр табигый кырсыктардан 12 млн сомдон ашык чыгым келтирилди

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 1-февралда жарандык коргонуунун жыл жыйынтыгы чыгарылган отурум өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жыйынга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, райондордун акимдери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жарандык коргонуу боюнча 2017-жылы аткарылган иштер талкууланып жана 2018-жылга милдеттер коюлду.

2017-жылдын 12 айында облус аймагында 21 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген материалдык чыгым болжолдуу 12 млн 762 миң 102 сомду түзгөн. Өткөн жылы 2016-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 6 учурга көп катталган. Ал эми, келтирилген чыгым 75,6%га азайган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 914
Көп окулду
×